Ооганстанда үйлөнүү тойдо ок атылып, 3 адам каза болду

Ооганстанда үйлөнүү үлпөт тоюнда ок атылып 3 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя 14-апрель күнү Хост провинциясында болгон. Үйлөнүү той болуп жаткан учурда той өтүүчү залга куралчан адам кирип, ок чыгарган. Мындан 3 адам каза болуп, 12 адам жарадар болгон. Ошондой эле ок чыгарган адам андан соң качып кеткен.

Учурда иликтөө иштери жүрүп, окуянын чоо-жайы такталып жатканы жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан