Парижде өрттөнгөн Нотр-Дам чиркөөсүн оңдоо үчүн ондогон жылдар кетиши мүмкүн

Парижде өрттөнүп кеткен Нотр-Дам чиркөөсүн оңдоо үчүн ондогон жылдар кетиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Чиркөөнүн курулуш иштери 1163-жылдары башталып, 1345-жылга чейин улантылган. Аны көрүү үчүн жылына дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүнөн 14 миллион адам келип кетчү.

"Өрт толугу менен өчүрүлүп бүтө элек, бирок өрт өчүрүүчүлөр баарын көзөмөлдөөдө. Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, өрт чиркөөнүн сыртын жасалгалоо учурунда чыккан. Өрттүн келип чыгуу себептери жана андан канча адам жабыркагандыгы тууралуу маалымат жок. Учурда тергөөчүлөр чиркөөдө оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан курулушчуларды суракка алууда. Эксперттердин маалыматына ылайык, чиркөөнү оңдоо иштери беш жылдан ондогон жылдарга чейин созулушу мүмкүн. Өрт чиркөөнүн басымдуу бөлүгүн жалмап, анын чатыры толугу менен түшүп калган", - деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 15-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:30 чамасында чиркөөдө өрт башталган. Окуя болгон жерге Франциянын президенти Эммануэль Макрон барган. Ал чиркөөнүн айланасына чогулган жарандарга тез арада оңдоо иштери жүргүзүлөрүн убадалаган.

Парижде өрттөнгөн Нотр-Дам чиркөөсүн оңдоо үчүн 14 жыл талап кылынат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shekeev969798
2019-04-16 22:28:34
Биздин тарых музей бутконбу)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан