"Өз агасын өлтүрдү" деп шектелген жаран кармалды

Москва районунда өзүнүн агасын бычактап салган жаран кармалды. Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, 28-июлда Москва РИИБине саат 10:00дө Чоң-Арык айылында адам өлтүрүлгөнү тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барганда көкүрөгүнө сайылган бычактан улам каза болгон 42 жаштагы Т.Кнын сөөгү табылган. Ыкчам иликтөөлөрдүн натыйжасында кылмышка шектелип, маркумдун бир тууган иниси, 34 жаштагы Т.Т. кармалган. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, кылмыш уруштун айынан чыккан. Бул факт боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камалды. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан