Бишкектеги Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майданды реконструкциялоонун жүрүшүндө мамлекетке 247 миллион сом зыян келтирилген. Учурда бул эки объект боюнча кылмыш иштери бир өндүрүшкө бириктирилди. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.
"Тарых музейин оӊдоодо 101,6 миллион сом, ат майданды оӊдоодо 145,9 миллион сом зыян келтирилгени аныкталды. Бул эки кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилип, алар боюнча курулушка тиешеси бар 6 аткаминерге айып тагылды. Алар: Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Улукбек Матисаков, Мира Карыбаева, Шайбек Атабеков, Айдарбек Мендеев", - деди Жамшитов.
Комитетте Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун 2018-жылдагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу отчёту угулду.