20-апрелде Бишкекте салттуу музыка жумалыгы башталып 25-апрелде "Ала-Тоо" аянтындагы ири программадагы концерт менен жыйынтыкталат (программа)

Жаштарга руханий азык, ата-энелерге эргүү тартуулоо максатында салттуу музыка жумалыгы өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Кыргыздын салттуу музыкасы" коомдук фондунун төрагасы, төкмө акын Азамат Болгонбаев маалымдады. Анын айтымында, иш-чара 20-апрелден тартып 25-апрелге чейин Бишкек шаарындагы бир катар мекемелерде түрдүү программада улантылат. Жумалыктын алкагында өткөн бардык саамалыктарга кирүү акысыз.

Төмөндө салттуу музыка жумалыгынын программасы:

20-апрелде өтө турган иш-чаралар:

  1. Саат 11:00дөн баштап Бишкек шаарындагы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде“Салттуу музыкалык искусствонун окуу жайларда окутулушу” темасындагы тегерек стол өткөрүлөт.
  2. Саат 14:00дө Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, мульти аспапчы Н.Нышановдун “Салттуу музыкалык аспаптардын жасалышы, таралышы жана функционалдык ролу” темасында мастер-классы башталат.
  3. Саат 16:00дө Кыргыз Эл баатыры, Мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун мемориалдык үй музейине экскурсия.

21-апрелде өтө турган иш-чаралар:

  1. Саат 14:00дө Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйү, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, мультиаспапчы Н.Нышановдун салттуу музыкалык аспаптарды үйрөтүү жана аспаптардагы айрым ыкмалары өздөштүрүү боюнча даярдаган онлайн видео-сабактарынын презентациясы башталат.
  2. Саат 16:00дөн тартып Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө М.Убукеевдин “Манас ааламы” фильми көрсөтүлөт.

22-апрелде өтө турган иш-чаралар:

  1. Саат 11:00. К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваторияда Лекция: “Салттык музыкалык искусствону заманбап изилдөө маселелери жана жашоо турмуштагы орду” Баяндамачы: Саида Елеманова – Казахстан Республикасынын Нур-Султан (Астана) шаарындагы Улуттук өнөр университетинин профессору, искусство таануу илимдеринин кандидаты, Казакстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.
  2. Саат 4:00. Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жай лекция жана жолугушуу: “Салттык музыкалык искусство – Борбордук Азиянын музыкалык маданиятынын феномени”, “Аспаптар – этностун руханий мурасы” Баяндамачы: Искусство таануу илимдеринин доктору, Ташкенттеги Мамлекеттик консерваториянын профессору Р.Абдуллаев.
  3. 18:00 Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында Салттуу музыкалык искусствонун айтуучулук багытына арналган манасчы, дастанчы, төкмө акындардын концерти.

23-апрелде өтө турган иш-чаралар:

  1. Саат 11:00. К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында Мастер-класс: Түрк тилдүү элдердин руханий мурасы – Жетиген аспабы (Казак жетигенинин мисалында) – Курмангазы атындагы Улуттук консерваториясынын окутуучусу, “Каусар” жетигенчилер тобунун жетекчиси Нургүл Жакыпбек кызы. Казакстан
  2. 14:00 К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында “Борбордук Азиянын салттуу музыкалык маданиятынын бүгүнкү абалы жана аны сактоо, изилдөө маселелери” искусство таануу илимдеринин кандидаты, ICTM дүйнөлүк уюмунун “Макам” изилдөө борборунун жетекчиси Жумаев Александр. Өзбекстан
  3. 18:00 Т.Абдымомунов атындагы драма театрда Салттуу музыкалык искусствонун аспапчылык багытына арналган комузчу, кыякчы, чоорчу аспапчылардын концерти.

24-апрелде өтө турган иш-чаралар:

  1. Саат 09:00дө, Улуттук илимдер Академиясы “Салттуу музыкалык искусство этностордун дүйнө таанымында жана маданиятында” аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция.
  2. Саат 18:00дө. Т.Абдымомунов атындагы драма театрда Салттуу музыкалык искусствонун аваздык-аспапчылык багытына арналган элдик жана автордук чыгармаларды аткарган ырчылардын концерти.

25-апрелде өтө турган иш-чаралар:

  1. Саат 15:00дө. "Ала-Тоо" аянты улуттук аспаптарды жасаган усталардын мастер-класстары жана көргөзмө-жарманке. Кыргыздын жана Кыргыз өлкөсүндө жашап жаткан этностордун маданиятын таанытууга арналган кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси.
  2. Саат 17:30да Салттуу музыка күнүнүн 15 жылдыгына арналган жумалыктын жабылыш гала-концерти башталат. Оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун алып жүрүүчүлөрү: манасчы, дастанчы, акындардын, комузчу, кыякчы, чоорчулардын, элдик жана автордук чыгармаларды аткарган авазы таңшыган ырчылардын катышуусунда өтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан