Анжелина Жоли фамилиясын алмаштырды

Америкалык актриса Анжелина Жоли-Питт фамилиясын мурункудай эле Жоли деп өзгөрттү. 43 жаштагы Анжелина Жоли фамилиясын актёр Бред Питтке турмушка чыккандан кийин Жоли-Питт деп өзгөрткөн. Чет элдик маалымат каражаттарынын жазгандарына таянсак, актрисанын фамилиясын өзгөрткөнү соттун чечиминде жазылган фамилиясынан улам билинген.

Актёрлор 15-апрелде официалдуу түрдө, тактап айтканда, соттун чечими менен ажырашышты. Анжелина Жоли менен Бред Питтин ортосунда мүлк бөлүшүү жана ортодогу 6 баланы кандай шартта багуу тууралуу сүйлөшүү болмокчу.

Буга чейин интернет жана маалымат каражаттарында Анжелина Жоли үй-бүлөнү сактап калуу үчүн соттук иштерди атайын созуп жатат деген маалыматтар тарап келген. Питт менен Жоли ажырашып жаткандыгы тууралуу алгачкы маалымат 2016-жылдын күзүндө белгилүү болгон. Актёрлор 10 жыл чогуу жашагандан кийин расмий түрдө 2014-жылдын август айында үйлөнүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Wibee
2019-04-17 14:25:12
Мурунку фамилиясы кандай эле супер .кж?????
0
Respect.
2019-04-17 14:42:37
Wibee, Муруңку фамилясы Жоли-Питт деп жазылып турат го...
0
aiba-889290
2019-04-17 14:56:50
Wibee,Бекболиева болчу.
+8
aliya-leyla
2019-04-17 16:43:06
aiba-889290,кандай тиешеси бар. Шарики эле озубуздукун жармаштыра каласынар да
-4
koshterek
2019-04-17 19:43:54
Uraa men uchun soonun janylyk bolgon turbaiby,Angelina familiasyn almashtyryptyr
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан