Бүгүн, 17-апрелде футбол боюнча АФК Кубогунун тайпалык баскычынын алкагындагы беттештер уланат. 2-турда "Дордой" клубу Тажикстандын вице-чемпиону "Хужанд" клубуна конокко барса, "Алтын Асыр" клубу "Истиклол" клубун кабыл алат.
"Хужанд"-"Дордой" беттеши Хужанд шаарындагы "Тажикстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгы" аталган стадионунда Бишкек убактысы боюнча 17:00дө башталат. Ал эми "Алтын Асыр"-"Истиклол" беттешине Түркмөнстандын борборундагы "Ашхабад" стадионунда 18:00дө старт берилет.
Алгачкы турда "Дордой" клубу "Алтын Асырды" Бишкек шаарында кабыл алып, беттеш 1:1 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталган. Ал эми "Истиклол" "Хужандды" 3:0 эсеби менен жеңип алган.
Бул жылы "Хужанд" командасына Кыргыз курама командасынын жарым коргоочусу Турсунали Рустамов өткөн.