Кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпиондору аныкталды

15-16-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпиондугу өттү. Бул тууралуу Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Белгилүү болгондой, мелдешке өлкөнүн 7 облусунан жана Бишкек, Ош шаарларынан 300гө жакын спортчу катышты.

"Чемпиондуктун байгелүү орундарына ээ болгон спортчулар дипломдор жана медалдар менен сыйланышып, алтын медалдын жеңүүчүлөрү "Кыргыз күрөшү боюнча республиканын спорт чебери" наамы ыйгарылды. Мелдешти уюштурууга бюджеттен 226 миң сом каралган", - деп айтылат маалыматта.

Байгелүү орунга ээ болгон спортчулардын тизмеси:

55 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун - Эламан Базарбек уулу;
2-орун - Мансур Осмоналиев;
3-орун - Бейбарс Анарбеков;

60 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун - Тыныстан Суйунбеков;
2-орун - Марат Сыдыгалиев;
3-орун - Сыймык Алымкулов;

66 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун - Асанкелди Нурказым уулу;
2-орун - Таалайбек Макулбеков;
3-орун - Бексултан Алтынбек уулу;

74 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун - Санжарбек Аманов;
2-орун - Кененбек Шамшидин уулу;
3-орун - Арген Жакенов;

84 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун - Бектуркан Кожомуратов;
2-орун - Баястан Идирисов;
3-орун - Азизхан Мусабек уулу;

96 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун - Байышбек Тажыгул уулу;
2-орун - Исламбек Алик уулу;
3-орун - Уларбек Куручбек уулу;

96 килограммга жогорку салмак ченинде:

1-орун - Тилек Куралов;
2-орун - Орозбек Алмазбеков;
3-орун - Кумар Жунусов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан