28-июль күнү саат 18:20 чамасында Ысык-Көл облусунун Түп районунда катуу шамал болду. Анын кесепетинен райондогу Коочу айылында 1 турак үйдүн чатырын учуруп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле Чоң-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Жылуу-Булак айылында 3 турак үйдүн 19 даана шиферин учурган. Учурда жергиликтүү жарандык коргоо комиссиясы тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.