"Акнет" компаниясындагы жаңжал боюнча козголгон 5 кылмыш ишинин экөөсү өндүрүштөн кыскартылды

"Акнет" компаниясы боюнча козголгон 5 кылмыш ишинин экөөсү өндүрүштөн кыскартылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан 2018-жылы аткарылган иштер тууралуу башкы прокурор отчёт берди.

“3 кылмыш иши Ички иштер министрлигине тергөөгө берилди. Финансылык полициянын кызматкеринин катышуусундагы сүйлөшүү деп интернетте пайда болгон видео боюнча учурда териштирүү жүрүүдө. Толук маалымат кийин берилет”, – деди Жамшитов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан