Канадалык ырчы Жастин Биберди сүрөтчү сотко берди

Канадалык ырчы Жастин Биберди сүрөтчү (фотограф) сотко берди. 2 жыл мурда ырчы сүрөтчүнү унаасы менен сүзүп алган.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, 2 жыл мурда Жастин Бибер Беверли-Хиллздеги чиркөөгө барган. Үйүнө бет алган Жастин Биберди папараццичилер күтүп турушкан. Папараццичилердин кылтагынан качкан ырчы жолдун бурулушунан Уильям Уилсон аттуу сүрөтчүнү сүзүп алган. Кырсыкка кабылган Уильям Уилсонго биринчи жардам көрсөтүлүп, оор жаракат албагандыгы маалым болгон. Жабырлануучу Жастин Биберге эч кандай дооматы жок экенин айтып, иш ошол жерден эле бүткөн.

Бирок Уильям Уилсон унутулуп калган окуяга эми кайрылып, ишке болгон жөндөмдүүлүгү жоголгонун айтып сотко кайрылган. Азырынча соттун чечими чыга элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан