Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 17-апрелде бала сатуу боюнча айыпталып жаткан медицина кызматкерлеринин соттук отуруму 24-апрелге жылдырылды.
Соттук отурумдун жылдырылышына айыпталып жаткандардын жактоочуларынан экөө отурумга келбей калганы себеп болду.
Судьянын отурумду жылдыруу сунушун айыпталуучулар жана жактоочулар колдоду.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Милиция кызматкерлери тарабынан 2018-жылдын 7-сентябрында бала сатууга шектелип Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинекологдору кармалган. Бала сатууга шектелип кармалгандар: №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 1 гинекологу, №18 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 2 гинекологу, дагы экөө Бишкектеги төрөт үйлөрдүн биринин кызматкерлери экени айтылган.
Буга чейин бала сатууга шектелип кармалган медицина кызматкерлерине "адам сатуу", "жасалма документ жасоо", "мыйзамсыз аборт жасоо" беренелери менен кылмыш иштери козголгон.