Тажикстанда мобилдик интернет менен телефондук сүйлөшүүлөрдүн тарифи көтөрүлдү. Бул тууралуу тажикстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, буга чейин 1 гигабайт интернеттин наркы 30-35 сомони (3-3,6 доллар) болчу. Эми 1 гигабайт интернеттин баасы 51 сомониге (5 долларга жакын) чыкты. "Кошумча нарк салыгы менен акцизди эске алганда баа 63 сомониге (6,7 доллар) жетет. Мындан тышкары NGN аркылуу сүйлөшүүлөрдүн баасы 10 эсеге 10-12 дирамдан (0,01 доллар) 1,2 сомониге (0,12 доллар) чейин жогорулады. Интернетти кымбаттатуу буйругу 27-марттан баштап күчүнө кириши керек болчу. Бирок монополияга каршы кызмат менен мобилдик операторлордун сүйлөшүүлөрүнөн улам мөөнөт бир аз узарган", - деп жазылат маалыматта.