Перунун экс-президенти өзүн-өзү атып, ооруканада каза болду

Перунун экс-президенти Алан Гарсиа өзүн-өзү атып, ооруканада каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 17-апрелде президенттин Лимадагы үйүндө болгон.

Буга чейин экс-президентке коррупция беренеси менен иш козголуп, сот аны 10 күнгө камакка алуу чечимин чыгарган. Мындан улам полиция кызматкерлери Лимадагы үйүнөн аны кармоо үчүн барган убакта ал өзүн-өзү атып салган.

Окуя болор замат президент Лимадагы ооруканалардын бирине жеткирилген. Анын абалын жергиликтүү маалымат булактары оор деп жазып чыгышкан. Кийинчерээк ал каза болгонун чет элдик маалымат булактары маалымдашты.

Алан Гарсиа 1985-1990- жана 2006-2011-жылдары президент болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Chungyz
2019-04-18 01:21:16
Атайын оздору кылган окшойт
+2
Shekeev969798
2019-04-18 11:33:27
Атамбаев да ойлонуп калды))
+4
Jasa
2019-04-18 14:41:32
Shekeev969798,Суйлогон создоруно караганда ойлонгонго акылы жетбейт го деп калдым,кандай президент болуп калды билбейм....агынан кызылынан деп тантып
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан