Бүгүн, 30-июлда Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. КРнын Илимдер академиясынын Сейсмология институту билдиргендей, 2 баллдык жер титирөө саат 05:36да болуп, очогу Чүйдөгү Ысык-Ата курортунун түндүк-батыш тарабынан 10 чакырым алыстыктан орун алды. Кыйроолор жана каза болгондор жок.