Голливуд жылдызы Женнифер Лопес жылдын эң саркеч айымы деп табылды. Титул 3-июнда Нью-Йорктогу Бруклин музейинде тапшырыларын чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, АКШнын модельерлер кеңеши (CFDA) жыл сайын саркеч айымды тандашат. Аталган кеңештин негиздөөчүсү, модельер Диана фон Фюрстенберг: "Женнифер Лопес кийген кийимдери менен өзүнө болгон ишеними жогору, күчтүү айым экенин далилдеп келет. Анын ар бир жаңы образын күйөрмандары чыдамсыздык менен күтүшөт", - деген.
Ал эми модельерлер кеңешинин башкы директору Стивен Колб Женнифер Лопестин образдары эсте каларлык экенин айтып, суктанууну жаратарын билдирген.