Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылынын Панорама тилкесинде, тоонун боорунан адамдын жансыз денеси табылды. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады. 17-апрелде Чүй ОИИББинин 102 кызматына аталган аймакта адамдын жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат келип, аны түшүрүп алуу үчүн ӨКМнын кызматкерлери барган.
"Жерине ӨКМнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары чыгып, маркумдун жансыз денесин бийиктен түшүрүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Маркум 1977-жылы туулган М.Р.И. аттуу эркек киши экени аныкталган", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы маркумдун эмне себептен каза болгондугу боюнча иликтөө жүрүп жатканын кабарлап, кийинчерээк маалымат берилерин билдирди.