ЭЛДИК ВИДЕО: Дасторконду тебелеп, өтө ашыгып баштык толтурган жигиттердин жоругу сынга кабылды

Медиа-порталдын "Элдик видео" бөлүмүнө "Операция баштык. Дасторконду буту менен тебелеп кетти" аталышындагы видео жүктөлдү. Анда конок үйдө отурган жигиттердин өтө шашылып баштыктарына дасторкондогу азыктарды салып жатканын көрүүгө болот. Ал ортодо андагылардын бири нан-боорсокту буту менен тебелеп барып, туштагы таттууларды баштыгына салган. Ошол эле учурда жанында кишилердин баары колунда кармаган пакеттерин толтуруу аракеттерин кызуу жүргүзүшөт.

Бул учурда бөлмөдөгү аял таң калганын жашырбай "Тарелкалар калсын, аялыңар барбы?" деген суроо узатты. Пакетти ашыгып толтуруп жаткан жигиттердин биринен "Биз ушундайбыз" деген жооп болду. Ошол эле учурда бул көрүнүшкө өздөрү маашырлана каткырып жатышат.

Видео социалдык тармактарга тарап, коомчулуктун сынында турган чак. Көпчүлүк аларды күйөө жолдоштор дешип, эркек адамга, деги эле коноктун бул жоругу өтө төмөн көрүнүш деп сыпаттоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (39)
Makedonia
2019-04-18 16:08:18
Нанды тебелеп журот бироосу, нанга зар болуп калбагын анан. Тим эле ачарчылыктан чыккандай болушуптур го. Эркек деген оор-басырыктуу болчу эле.
+4
tyrgon
2019-04-18 17:22:33
Туштук жактагы туугандар окшойт намыс деген немени озу булар биле бекен.
-5
daniel87
2019-04-18 17:33:34
tyrgon,ушундай кыргыздын эн жаман жагы деп билем болунуп жарылуу деген калбады эч бири биринерден кыйынсынар, акылдуусунар, укмушсунар! Болунбой жарылбай коммент жазсак эмне болбойбу? Уят
+2
Avrora2017
2019-04-18 23:17:11
daniel87,оба кошулам экиге болунуп чыга келишет анан кыргызстан озу кыйраткан бир чон странадан бешбетер, акмакчылык деп эсептейм ушундайларды
+2
Dembele84
2019-04-18 20:55:37
tyrgon,Ар бир жерден чыгат мындай акмактар,беш кол тен эмес!!!
+2
Take_men
2019-04-19 19:00:41
tyrgon,түштүк менен намыстан айланып кет...
0
daniel87
2019-04-18 17:26:35
Мен Жалал-Аббаддан болом бизде куйоо жолдошторго койулган досторконду+кайнене(кыздын апасы) берген тируу койду, 1себет сигарет+момо жемиштерди+арак шараптарды салып кетишет,себеби аны куйоо балдар акча чогултуп сатып алышат. Тойдон кийин 1жумадан сон балдарды келинчектери менен уйлонгон бала чайга чакырат жана куйоо балдарга берген койду сойушуп майрам кылышат, ал Эми буту менен дасторконду тебелеп кеткен туура эмес, бизде кап берет капка салышат маданиятту(культурна)
+4
Jasa
2019-04-18 17:56:52
daniel87,капбы,пакетби
-1
daniel87
2019-04-18 19:30:35
Jasa,билбедим азыр кандай менин тойумда кап беришен
-1
Skarlett-Skarlett
2019-04-18 18:36:47
Аябай жаман корунуш.
0
zhykyo
2019-04-18 18:53:18
Озулорунун эле башы менен кетсин
0
karona12
2019-04-18 19:39:09
Кыз алган жерге барганда жигиттер баштарын жерге салып кичине ыйбаа корсотуп туруш керек.Куйо баланын жолдоштору болгондон кийин.Туштук жакта болсо кыз алганы барган куйоо бала машинадан тушпой женелери акча берип тушуруп,уйго кирсе тошоко отурбай ушул кантип салт болсун.
+1
-Sumitra-
2019-04-18 20:30:09
Баарын эле мындай нерсени корбогондой жазыпсынар го.Тойдо ошол дасторкондогу болгон нерсени салып кеткиле деп пакет берилет.Бул жерде кичине прикол кылып салып жатышканы корунуп турат.А так куйоо баланын женелери баарына бирдей кылып салып берет негизи.Эмнеси уят?!Коп жылдан бериле ушундай.Эркектер пакет которуп келишет.
-3
Jigitchem
2019-04-19 00:09:59
-Sumitra-,пакет дасторкондогуларды салып кетсин деп берилбейт алдына тарткан устаканын салып кетсин деп берилет
+1
Dembele84
2019-04-18 20:37:01
Кыйратып жатышкансып ырсандап кулушконуно олойунбу.Бет деген жок экен да,ачарчылыкта калып аткансып,намыс деген барбы торпоктор???
+2
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-04-18 20:37:25
Тарбиясыз!Дагы каткырып коюшат маданиятсыз акмактар?
+2
temirov76
2019-04-18 20:44:12
Салты эмне болсо ошол болсун,нанды тепсегени бул көзүнү май басып жеткен акмакчылыгы бул жакшылыкка алып барбайт.Акчасына кутурган бир байдын балдары окшойт.
+1
Dembele84
2019-04-18 21:01:33
Озу Ошто деле мындай болгон эмес буга чейин,куйоо баланын достору женелер салып берген даяр пакетти эле которуп кетишчи эле,бул жагы чатак го,же ушинтип ха ха тээп прикол кылабыз деп атып,бут Кыргызстанга шерменде болуштубу?
+3
Haanykeeim
2019-04-18 21:32:50
Дастаркон кандай ыйык нерсе экенин билбеген адамдар экен.Эркек башы м.н уят!
+2
milan-707
2019-04-18 23:17:52
Ушул видеону тартып тараткан адамга налат
-1
Abvgde
2019-04-19 01:43:14
Келип жеп кете берда нары!! алат деселе
+1
K.peri96
2019-04-19 03:29:21
Oluwot eken emi ech nerse koro elektei.Erkek bawy m.n paket tolturuwup namysynar jok.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан