Словакиянын борборунда автобус менен троллейбус сүзүшүп, 13 адам ар кандай түрдөгү жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 18-апрелде Словакиянын борбордук көчөлөрүнүн биринде болгон. Кырсык болгон жерге ошол замат дарыгерлер келип, жаракат алгандарга жардам көрсөтүшкөн. Кээ бирлери ооруканага жаткырылган.
Кырсыктын келип чыгуу себептери такталып, учурдагы болжолдуу чыгымдары 50 миң евро деп эсептелүүдө.