Литвада канында 4 промилле алкоголь бар ымыркай төрөлдү

Литва мамлекетинде канында 4 промилле алкоголь бар ымыркай төрөлдү. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү Клайпед университетине таянып европалык басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, дарыгерлердин тажрыйбасында мындай окуя биринчи жолу болууда. "Кыздын 35 жаштагы апасы мас абалында башка шаардан документтери жок алып келинген. Анын организминде түрдүү оорулар бар экени аныкталып, алкоголдук ичимдиктерди көптөн бери ичкендигине байланыштуу болушу мүмкүн. Кызында инфекциянын белгилери табылды, анын организминен алкоголду чыгарыш үчүн бир нече апта керек. Дарыгерлер бул окуя боюнча Балдардын укугун коргоо кызматына кайрылышты", - деп жазышат басылмалар.

Литва дүйнөдөгү эң көп "арак ичкич" өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Акыркы жылдары бийлик аракечтик менен күрөшүү боюнча түрдүү аракеттерди көрүүдө. Соңку жолу Литванын парламенти алкоголдук ичимдикти сатып алууга уруксат берген куракты 18 жаштан 20 жашка жогорулаткан мыйзамды кабыл алган.

Маалымат үчүн: кандын курамында 4-5 промилле алкоголь бар болсо, адам өз жүрүм-турумун толугу менен башкара албай калат, эси ооп жыгылышы ыктымал. Ал эми кандын курамында 5 промилледен көбүрөөк алкоголь болсо, анда адам ууланып калуусу мүмкүн, ошондой эле медиктер өлүм менен аякташы күтүлөрүн айтышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Begimay.emir1
2019-04-19 13:03:51
Жанын кейийт. Наристелерди ушу курсагыбызда дагы жакшы чонойтпойбуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан