Аргентиналык Эусебия Леонор Кордаль аттуу 99 жаштагы улгайган аял окуу жана жазууну өздөштүрүү үчүн кайрадан мектеп партасына отурду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматка ылайык, ал кайра окуу чечимин 2 себептен улам кабыл алганын айткан. Биринчиден, карылыгына байланыштуу окуганды, жазганды унутуп калган, экинчиден, балалыгы оор шартта өткөндүктөн ал учурда окууга жакшы көңүл бура алган эмес.
Эусебия Леонор Кордаль кичинекей кезинде апасы каза болуп калып, турмуш шартына байланыштуу окууга көп барбай калган. Андан кийин эрте турмушка чыгып, күнүмдүк тиричиликке алаксып, билим алууга шарт болбогонун айткан. Азыркы тапта мындай мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканына кубанганын жашырган эмес. Ушул тапта ал улуулар үчүн түзүлгөн мектептин 1-классында билим алууда. Классташтары 18 жаштан жогоркулар, эң улуусу Эусебия Леонор Кордаль.
Сабак жумасына 3 жолу өтөт. Аны окуткан мугалимдердин бири үйүнө келип мектепке жетелеп алып барат. Ал азыр окуп, жазганды кайра өздөштүрүп калгандыгы, алдыда компьютерде иштегенди үйрөнүүнү каалап жаткандыгы жазылат маалыматта.