Германияда эгиз ымыркайлар 97 күн айырмачылык менен төрөлдү. Мындай окуя Кёльн шаарында болгонун чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Аталган шаардын Оксана аттуу тургуну кош бойлуулуктун 6-айында суусу кетип, ооруканага кайрылган. Дарыгерлер кесарево жолу менен ымыркайды аман алып калышкан. 6 айында жарыкка келген ымыркай 900 грамм салмакта төрөлүп, ага Лиана деген ысым ыйгарылган. Кызыгы дарыгерлер эгиздердин бирөөсүн гана эненин курсагынан алып чыгышкан. Ал эми экинчисин айы-күнү жеткенде төрөлсүн деп калтырып коюшкан. Эгиздин түгөйү ай-күнү келгенде 3 килограмм 700 грамм салмакта төрөлүп, ага Леони деген ысым ыйгарышкан.
Лиана 2018-жылдын 17-ноябрында төрөлсө, Леони 2019-жылдын 22-февралында төрөлгөн.
Буга чейин 2012-жылы Ирландияда эгиздер 87 күн айырмачылык менен төрөлгөнү жазылат маалыматта.