Антонина Шевченко: "Апамдын жанымда болгону беттеш учурунда мага кошумча дем берип турат"

Эртең, 20-апрелде "UFC on ESPN+ 7" мелдешинин алкагында кыргыздан чыккан мушкер Антонина Шевченко АКШлык Роксанна Модаффери менен кез келет. Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтө турган беттеш Шевченко үчүн UFC `нин алкагындагы 2-беттеши болот.

Мушкер мелдеш алдында журналисттерге маек куруп, атаандашы, бир тууганы Валентина Шевченко жана апасы тууралуу суроолорго жооп берди.

"Атаандашым мен үчүн ыңгайлуу болгону менен абдан күчтүү мушкерлердин бири. Ал UFC`де 3 беттештин экөөндө жеңилип калганы менен рейтингде 8-орунда турат. Роксанна Модафферини жеңген атаандаштары да абдан күчтүү экенин эске алышыбыз керек. Модаффери беттештин алгачкы мүнөтүнөн баштап алдыга гана умтулат жана ар дайым өзүнө ишенет. Ошондуктан эртеңки беттеш абдан татаал болот.

Мен беттешке даярданып жаткан учурда Валентина мени менен чогуу машыгып, кеп-кеңештерин айтып турат. Ал беттешке даярданып жаткан учурда мен да жардам берип турам. Мисалы, машыгуу учурунда мен чарчап, эс алып калсам, Валентина унчукпай машыгуусун уланта берет. Мындай учурда чарчаганымды унутуп, кайрадан эмгектенүүнү баштайм. Башкача айтканда биз ар дайым бири-бирибизди шыктандырып турабыз.

Эртеңки беттешке күбө болуу үчүн апам Кыргыз өлкөсүнөн учуп келди. Апабыз мүмкүнчүлүккө жараша ар бир беттешибизге келип турганга аракет кылат. Ал кишинин жанымда болгону беттеш учурунда мага кошумча дем берип турат", - деди Шевченко.

Эрежесиз уруш боюнча Модаффери жалпы жонунан 37 беттеш өткөрүп, анын ичинен 22 беттеште жеңишке жетип, 15 беттеште жеңилүү ызасын тарткан. Анын ичинен UFC`нин алкагында өткөргөн 3 беттешинин экөөндө жеңилип калган.

Антонина Шевченко жалпы 7 беттеш өткөрүп, бардыгында жеңишке жеткен. Ал UFC`деги жалгыз беттешин 2018-жылдын декабрь айында кореялык Жи Йон Кимге каршы өткөрүп жеңишке жетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jake91
2019-04-19 21:46:50
Ийгилик Жениш кутобуз
+2
Sizge.kat
2019-04-20 08:15:40
Рафаел тууралуу тезирээк маалымат билип берип койунуздарчы сураныч эмне себептен казактардын атынан чыгып атканын
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/269641/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан