Спенсер Туник аттуу сүрөтчү жана фотограф Фейсбук жана Инстаграм социалдык түйүндөрүнүн жылаңач адамдардын сүрөттөрүн өчүрүп салган эрежесине каршы акция уюштурмакчы. NBC Нью-Йорк басылмасынын жазганына караганда, миңдеген жылаңач адамдардын катышуусундагы флешмоб Нью-Йорктун борбордук бөлүгүндө 2-июнда өтөт.
Фотографтын айтымында, миңдеген жылаңач адамдар борбордогу аянтка чогулуп, сүрөткө түшүшөт. Мындай жол менен алар негизги социалдык тармактардагы цензурага каршы пикирин билгизишмекчи.
"Мен Нью-Йорктун көчөлөрүндө жылаңач адамдардын сүрөттөрүн тартуума жаңы мүмкүнчүлүк болот. Социалдык тармактарда өз чыгармачылыгын жүргүзгөн искусство адамдарынын эмгектерин аталган социалдык түйүндөр чектейт. Жылаңач адамдардын денеси - өзүнчө искусство. Келечекте көптөгөн искусство адамдары бул аракетибиздин пайдасын көрүп калышы керек", - деген Туник.
Фотограф жана сүрөтчү өзүнүн карьерасында массалык жылаңачтанган адамдарды тарткан 75тей эмгек жасаган. Алардын ичинен эң атактуусу Мексикада 18 миң адамды жылаңачтап тарткан сүрөтү болгон. Фотограф эмгектерин Фейсбук социалдык тармагына жүктөгөн. Португалиялык жылаңач аялдарды тарткан сүрөтүн аталган социалдык тармак 2014-жылы өчүрүп, аккаунтун кулпулап салган. Мындан улам ал байма-бай ушундай акцияларды уюштуруп келет.