Инстаграмда "жакты" белгиси жоголушу мүмкүн

Инстаграм социалдык тармагынан "жакты" белгиси алынышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, социалдык тармактын мындай кадамын кытайлык мобилдик тиркемелер боюнча эксперт Жейн Манчун Вонг байкап калып, өзүнүн баракчасына жарыялаган.

Аталган маалыматтарды Инстаграмдын расмий өкүлү да тастыктап, бирок азырынча бир чечим кабыл алына электигин билдирген.

"Инстаграмдын колдонуучуларынын арасында маанилүү билдирүүлөргө, сүрөттөргө көңүл бурбай, башкалардын "жакты" белгисин саноо менен алектенгендер көбөйгөндүктөн социалдык тармактын жетекчилиги бул маселени көтөрүп чыгышты. Бирок азырынча бул чечим кабыл алынат деп ишенимдүү айтууга эрте. Колдонуучулар башка бирөөлөрдүн "жакты" белгисин көрө албай турган болуп да өзгөрүшү мүмкүн", - деп билдирген социалдык тармактын өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
madina.87
2019-04-20 07:08:05
Иии кокуй Анжеликабыз эмне болот анда))))
+9
Sizge.kat
2019-04-20 08:08:27
Рафаел тууралуу тезирээк маалымат билип берип койунуздарчы сураныч эмне себептен казактардын атынан чыгып атканын
+1
macho90
2019-04-20 16:33:05
Sizge.kat, ал жөн гана адашуу болуптур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан