Бүгүн, 19-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп турган Алина Шаикова кызматынан бошотулуп, ордуна Алмаз Мамбетов дайындалды.
43 жаштагы Мамбетов буга чейин Балыкчы шаарына мэр болгону белгилүү. Ал коомчулукка 2017-жылы сөгүндү делген аудиосу интернетке тарагандан кийин талкууга түшкөн. Андагы сүйлөшүү Балыкчы шаарынын ошондогу мэри Алмаз Мамбетов менен аталган шаарды андан мурун жетектеген Сатыбек Шамшудиновдун ортосунда болгону айтылган.
Мамбетовдун Мамкаттоого жетекчи болуп барышы коомчулуктун арасында ошол аудиону кайрадан талкууга алып чыкты. Көпчүлүк социалдык тармактардын колдонуучулары премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин мындай дайындоосун сынга алышып, өзүнүн жүрүм-туруму менен башкаларга үлгү боло албай, уят сөздөр менен сөгүнгөн адамды мындай жогорку кызматка келгенин акылга сыйбаган көрүнүш катары баалашууда.
Балыкчы шаарынын мурдагы мэри Сатыбек Шамшудинов интернетке тараган сүйлөшүү чынында эле болгонун SUPER.KG порталына тастыктаган. Анын айтымында, шаар мэринин чалуусуна Балыкчы шаардык кеңешине жазылган кайрылуу себеп болгон.