Украинанын президенттигине талапкерлер чогулган элдин алдында чөгөлөштү

Кечээ, 19-апрелде Украинанын президенттигине талапкерлер Володимир Зеленский менен Петро Порошенко 35 миң көрүүчү чогулган стадиондо дебат өткөрүштү. Алардын кайым айтышуусун түз эфир аркылуу миллиондогон көрүүчүлөр көрүп турушту.

Алгач Порошенко атаандашына кайрылып, анын Владимир Путиндин алдына чөгөлөөгө макул болгонун эскертти.

"Сиз Путиндин алдына чөгөлөп, кечирим сурайм дегенсиз. Сиз өзүңүздүн тамашаларыңызда Украинаны сойкуга теңегенсиз. Элден качан кечирим сурайсыз?" - деп суроо салды Порошенко.

Зеленский ага жооп иретинде, Украинада тынчтык болушу үчүн бардык нерсеге даяр экенин билдирди.

"Украинанын эли чөгөлөбөшү, Донбасстагы согуш токтошу үчүн орус президентинин алдына чөгөлөгөнгө даяр экенимди айткам. Мен уулу согуштан кайтпай калган ар бир эненин, өмүрлүк жолдошун согушта жоготкон ар бир аялдын алдына чөгөлөгөнгө даярмын. Сиз дагы ушундай кылыңыз" деген Зеленский чөк түшүп, чогулган элден кечирим сурады.

Порошенко да атаандашынын артынан кайталап, бирок арт жакта өлкөнүн желегин көтөрүп турган аялдын колун өптү.

Андан кийин Зеленский "Көрдүңүзбү, урматтуу Петро Алексеевич, адам болуу өтө деле кыйын эмес", - деди.

Украинада президенттик шайлоонун 1-туру 31-мартта өткөн. Алгачкы турдун жыйынтыгы менен эң көп добуш алган талапкерлер шоумэн Владимир Зеленский менен учурдагы президент Петро Порошенко 2-турга өткөн. Шайлоонун 2-туру 21-апрелде өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Romantik.
2019-04-20 11:58:24
Булар бийликке келгенче раком турганга даяр)
+34
milan-707
2019-04-20 17:08:14
Romantik.,хахаха жардынго
+7
elchi84
2019-04-20 12:06:00
Буларда да артистер коп экен.
+8
Ysakov_Nur
2019-04-20 12:11:05
Театр
+3
Ulik-real
2019-04-20 12:22:53
Порошенко нак эле биздин Ашадай экен тоо десе бээ деп а десе я деп )
+16
Nur777
2019-04-20 13:07:10
Украиндер жазып атышат:Порошенко как всегда к наролу...опой деп))))
+5
Nur777
2019-04-20 13:07:27
к народу
0
demo009
2019-04-20 13:23:22
Украин менен Өзбектерди эч эле айырма алалбай койдум да
-3
Busi06
2019-04-21 03:22:53
demo009,туура Украин мн Молдованды Тажик мн Озбеке аябай окшотом менда!
+3
oshondoiraak
2019-04-20 13:43:19
Бирок ушулардан сабак алса болот Кыргызстан честно болуп атканын кара ачык элдин алдында шайлоо таза болду главный
+4
ulan7676
2019-04-20 14:09:24
Зеленский кучтуу президент боло албашын украин эли билип эле турат бирок эски бийликтен тажагандыгы учун жаны адамдарды коргусу келип жатышат. Бизде элдин эрки жетпей жатат таза адамдарды тандаганы. Мин сомун алып эски карышкырларды гана алмаштырып жатабыз
+10
Gulnyr19
2019-04-20 21:57:07
ulan7676,бизде элдин добушу эч нерсени чечпейт алдыңдан даярдалган бланкалар болот сөссүз аны шайлоодо иштеп жүргөндөр баары билет.
+1
ulan7676
2019-04-20 14:13:52
Украинада шайлоо таза отоору корунуп турат. Бизде болгондо бийликтин окулу 3% алса 50% оздору кошуп эле откоруп коймок
+7
Shaa-82
2019-04-20 14:35:32
Уулу согуш эмес улуу болсо керек эле деп коет экенда )))
-3
nur_zhoni
2019-04-20 15:05:56
Shaa-82, улуу согуш эмес уулу баласы согуштан кайтбай калган деп жазган
+2
Nur777
2019-04-21 15:33:29
Shaa-82,уулу (баласы) согуштан кайтпай калган...деп жатат
0
newman
2019-04-20 19:28:37
Украинада таза шайлоо бар экени көрүнүп турат. Действующий президент өтө албай калышы мүмкүн болуп турган абал
+1
shahlet
2019-04-20 20:58:24
Кызык ком.жазуу учун эмнеге ТАЛКУУ ЖАБЫК эмес?ушул жанылык биздин Чондорго тиешелуу болгондо ошондой болмок
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан