Бүгүн, 20-апрелде Орусиянын Санкт-Петербург шаарында "UFC on ESPN+ 7" мелдеши өтөт. Мелдеште жалпы 12 беттеш орун алса, алардын экөөсүндө кыргыздан чыккан спортчулар Антонина Шевченко менен Рафаэль Физиев октагонго чыгат.
Шевченко АКШлык Роксанна Модаффери менен кез келсе Физиев орусиялык Могамед Мустафаев менен беттешет.
Антонина Шевченко эрежесиз уруш боюнча жалпы 7 беттеш өткөрүп, бардыгында жеңишке жеткен. Ал UFC`деги жалгыз беттешин 2018-жылдын декабрь айында кореялык Жи Йон Кимге каршы өткөрүп жеңишке жетишкен.
Ал эми Рафаэль Физиев жалпы 6 беттештин баарында жеңишке жетишкен. Ал бүгүн UFC`нин алкагында алгачкы беттешин өткөрөт.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.