Бүгүн, 20-апрелде Орусиянын Санкт-Петербург шаарында "UFC on ESPN+ 7" мелдеши өтүп жатат.
71 килограммга чейинки салмакта кыргыз мушкери Рафаэль Физиев орусиялык Магомед Мустафаев менен кез келди. Беттештин 86-секундунда катарынан 2 сокку өткөрүп жиберген Физиев нокаутка учурап, беттеш токтотулду. Жыйынтыгында орусиялык мушкер UFC`деги 3-жеңишине жетишти.
Кыргыз мушкери үчүн бул UFC`деги алгачкы беттеши болду. Физиев эрежесиз уруш боюнча жалпы 6 беттешке катышып, баарында жеңишке жеткен.
Алдыда дагы бир кыргыз мушкери Антонина Шевченко АКШлык Роксанна Моддафериге каршы октагонго чыгат.