Бүгүн, 21-апрелде Украинада президенттик шайлоонун 2-туру өтөт. Шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00дө (Бишкек убактысы менен 11:00) ачылып, 20:00дө жабылат.
Өлкө башчылыгына 1-турда эң көп добуш алган 2 талапкер ат салышууда. Алар куудул, актёр Володимир Зеленский жана учурдагы президент, олигарх Петро Порошенко.
31-мартта өткөн алгачкы турда Зеленский шайлоочулардын 30,24 пайыз добушуна ээ болсо, Порошенко 15,95 пайыз добуш алган.
Шайлоо алдындагы сурамжылоолордун жыйынтыгында Зеленский алдыда келүүдө. Мисалы, Украинанын көз карандысыз "Рейтинг" компаниясы жүргүзгөн сурамжылоодо Петро Порошенкого шайлоочулардын 27,7 пайызы добуш берерин билдирсе, Володимир Зеленскийди 59,6 пайыз шайлоочу колдоорун билдирген.