21-апрелге караган түнү футбол боюнча Италия чемпиондугунун 33-турунда "Ювентус"-"Фиорентина" беттеши орун алды.
Алекс Сандронун жана Херман Пеццельянын автоголунун жардамы менен оюн 2:1 эсебинде талаа ээлеринин пайдасына жыйынтыкталды. Натыйжада 33 оюнда 87 упай топтогон "Ювентус" клубу 2-орунда келе жаткан "Наполиден" 20 упайга ашып өтүп, сезондун бүтүшүнө 5 тур калганда чемпиондукту камсыздады.
Туриндик клуб муну менен акыркы 8 жылда катары менен өз өлкөсүнүн чемпиону аталып, скудеттолордун жалпы санын 35ке жеткирди. Акыркы жолу чемпиондукту "Ювентустан" башка клуб ("Милан") 2011-жылы жеңип алган.