Шри-Ланкада бир учурда 6 жерде жардыруу орун алып, 50дөн ашык адам каза болду

Шри-Ланкада бир учурда 6 жерде жардыруу орун алып, 50дөн ашык адам каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Белгилүү болгондой, жардыруу дээрлик бир убакта Шри-Ланканын борбору Коломбо шаарындагы 3 мейманканада, 1 католик чиркөөсүндө жана борбор калаага жакын жайгашкан Негомбо шаарындагы 2 чиркөөдө христиандардын пасха майрамын майрамдоо учурунда болгон. Акыркы маалыматтарга ылайык, каза болгондордун саны 50дөн ашты. Дагы 200гө жакын адам ар кандай жаракаттары менен жергиликтүү ооруканаларга жеткирилди.

Азыркы учурда терактты ишке ашырууну бир дагы радикалдык уюм өз жоопкерчилигине ала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
pat12
2019-04-21 17:43:49
Муну дагы кайсы террочулар жасап кетти. Диний коро албастык. Диний фанатизм башка динди жек коруу сезимдерди ойготот. Диний фанатизм коомдо адамдардын адептуулугун эч которбойт жана коркунучтуу нерсе.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан