Бүгүн, 21-апрелде Украинада президенттик шайлоонун экинчи туру болуп өттү. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына ылайык, Володимир Зеленский алдыда келе жатат. Саат 18:00гө чейин эсептелген улуттук экзит-поллдун маалыматы боюнча Зеленскийге шайлоочулардын 73,2 пайызы добуш беришкен. Ал эми анын атаандашы Петро Порошенко 25,3 пайыздык колдоого ээ болгон. Добуш берүү 20:00дө аягына чыккан.
Володимир Зеленскийдин өмүр таржымалы жана саясатка келип калуусу тууралуу бул шилтемеге баш багып окуңуз.