“Бизди карап көргүлө, баары мүмкүн”. Зеленский постсоветтик өлкөлөргө кайрылуу жасаса, Порошенко атаандашын жеңиши менен куттуктады

21-апрелде Украинада президенттик шайлоонун 2-туру болуп өтүп, ага биринчи турдан эң көп добуш алган талапкерлер куудул Володимир Зеленский менен учурдагы президент Петро Порошенко катышты. Алдын ала маалыматтар боюнча Зеленский 73,2 пайыз добуш алса, Порошенко шайлоочулардын 25,3 пайызынын колдоосуна ээ болгон.

Президенттик тактыга келишине бир кадам калган Зеленский өз штабында шайлоо тилкелери жабылгандан кийин билдирүү жасады.

Мурунку СССРдин курамына кирген өлкөлөргө кайрылам, бизди карап көргүлө баары мүмкүн” деп билдирген Зеленский өзүнүн ата-энесине, жубайына жана командасына колдоосу үчүн ыраазычылыгын айтты.

Ал эми Петро Порошенко өзүнүн атаандашын жеңиши менен куттуктаганга даяр экенин билдирди.

Кийинки айда мен президенттик кызматты тапшырам. Украиналыктардын көпчүлүгү ушуну чечти жана мен ал чечимди кабыл алам”, - деди Порошенко.

Мындан сырткары учурдагы президент саясаттан кетүү ниети жок экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
elb_2121
2019-04-22 00:52:00
Мына ушуну демократия акыйкат шайлоо десе болчудай онугом деген олкодо,кайран элим кайда баратабыз?
+18
Nursbaike
2019-04-22 00:59:27
Эми ардайым козомолумдо болосун 2 3 жыл Зеленский :) . Кызыктуу жигит экенсин куттуктайм .
+2
Ysakov_Nur
2019-04-22 01:00:05
Порошенко мыкты лидерлигин корсотту.
Шайлоодон женилгени менен бирок саясаттан утту, себеби демократияны оркундотуп, демократиялык бурмаланбаган шайлоону уюштуруп берди. Биздин саясатчыларга окшоп мамлекеттик кызматкерлерди, бюджеттен маяна алган жарандарды, студент-мугалимдерди кучко салып озу учун шайлоо бердирткен кадамга барган жок, бул анын эн чон жениши.
Зеленскийди куттуктайбыз...
+30
Kyrgyz_bloger
2019-04-22 01:33:06
Буларды коруп куйбогон жерин кул болот го,биз создон ишке качан отобуз,ар жолкуда таза шайлоо болду дейбиз,бирок таза шайлоонун жыты да боло элек бизде.
+14
Agayu
2019-04-22 02:37:11
Украина Россияга тен келем деп Крымын алдырды .Биз дагы тен келебиз деп көрөйлүбү 6 секунда бүт баарыбызды алып коет жэ блокада калтырып коет .Өтө татаал биздин келечегибиз .Ошону билип турушуп бийликтегилер жэп өлүп атышбайбы , четке элдерин кулчулука чыгарып .
+3
BarsBaatyr
2019-04-22 06:25:35
Алардын эли миң сомго сатылбайт да. Өз келечегин ойлогондор акча үчүн добуш бербейт.
+8
taalay25
2019-04-22 08:27:23
BarsBaatyr,да ладно ты!!! Биринчи сен Украинага барып же омурундо хохолдор менен иштешип же бирге бир столдо отуруп кордун беле?
+1
Mister-X
2019-04-22 14:43:00
BarsBaatyr,Эл акчасын албаса деле биздикилер болот деген адам баары бир президент болот
+2
Kumarchik
2019-04-22 09:09:34
Таза шайлоо деп ушуну айтыш керек
+1
Altyn2017
2019-04-22 09:24:43
мына ушуну таза шайлоо десе болот себеп бийликте турган Президент эч кандай ресурс колдонбой утулуп атат качан бизде да ушундай болот.
+2
tursunbaev78
2019-04-22 13:14:03
Altyn2017,Порошенко шайланат деген элең,не болду эми?
-3
taalai1008
2019-04-22 09:44:46
Ушул убакытка чейин жаман корчу элем адам экен Порошенко.
+2
Nurgazy80
2019-04-22 10:39:18
Украина Европа менен чектеш жана аларга бүткүл Европа жардам берди. А биздин айланабыз диктатура орногон мамлекеттер, бизге ким жардам берет
+2
tursunbaev78
2019-04-22 11:47:20
Порошенко АШАдан кеңеш сурабаптырда,ресурстарды кандай колдонушту,анан дагы элдери акчага сатылган жокта,постсоветтик өлкөлөрдөн эң артта калганы эле биз болуп атабыз өнүүгү боюнча,коррупция боюнча дүйнөдө алдыбызга ат салдырбайбыз
+2
Bekturbek
2019-04-22 16:47:39
Путин утту!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан