Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр тун кызын турмушка узатып, күйөө балалуу болду. Башкача жана таптаза сезимдерге бөлөнүп жатканын айткан акын SUPER.KG порталына буларды айтып берди.
"Менин 3 кыз, 2 уулум бар, үйдүн улуусу - Керемет. Ал "Ататүрк-Ала-Тоо" университетинин англис тилинен синхрондук котормо бөлүмү боюнча билим алып жатат. Буюрса, быйыл аяктайт. Керемет окуу менен бирге ишти айкалыштырып, жергиликтүү радиолордун биринде иштеп жүрдү. 4 тилде эркин сүйлөйт. Ал эми күйөө балам Арген Таластан болот. Түркия, Египеттен билим алган, чет тилдерде эркин сүйлөйт. Буга чейин Аргенди сыртынан таанычумун, бирок күйөө балам болот деп такыр ойлогон эмесмин. Кызым менен күйөө балам өткөн жылдын ноябрь айында таанышыптыр. Аларды сабак берген мугалимдери тааныштырган экен. Кийин кызым биз менен тааныштырып, 20-апрелде узаттык. Бул биздин биринчи жакшылыгыбыз", - дейт ал.
Кыз узатуу тойго акындар, ишкерлер, ырчылар жана башка белгилүүлөр дагы келишкен. Ак таңдай акын Замирбек Үсөнбаев ак батасын ыр менен төктү.
Жеңишбек Жумакадыр Нарын районунун Эмгекчил айылында 1977-жылы 9-майда төрөлгөн. Төкмө акын 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алган.