Орусиянын Котельник районунда 2 кичинекей бала көп кабаттуу үйдөн кулап кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, эки окуя тең жакын жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдө, бир саат убакыт аралыгында болгон.
"Биринчи үйдүн 8-кабатынан афганистандык жарандын кичинекей баласы кулап кеткен. Ал эми бир сааттан кийин кошуна үйдөн дагы бир наристе кулаган. Анын ата-энеси Кыргыз өлкөсүнөн экендиги айтылып жатат. Биринчи кулаган наристе окуя болгон жерде каза болсо, экинчи баланын абалы оор экени айтылууда. Бул факты каттоого алынып, укук коргоо органдары тарабынан иликтөөгө алынды", - деп жазылат маалыматта.