"UFC on ESPN+ 7" мелдешине катышкандыгы үчүн Антонина Шевченко 23 миң 500, Рафаэль Физиев 13 миң 500 долларга ээ болушту

20-апрелде Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн "UFC on ESPN+ 7" мелдешине катышкан мушкерлердин гонорары белгилүү болду. Бул тууралуу UFC уюумунун расмий баракчасы кабарлады.

Маалым болгондой, кыргыз мушкери Антонина Шевченко 23 миң 500 доллар алса, анын атаандашы Роксанна Модаферри 64 миң долларга ээ болгон. Дагы бир кыргыз спортчусу Рафаэль Физиев 13 миң 500 доллар, Физиевдин атаандашы Магомед Мустафаев 82 миң доллар каражат тапкан.

Мелдеште Антонина Шевченко АКШлык Модаффериге упайлардын айырмачылыгы менен жеңилип калса, Рафаэль Физиев орусиялык Мустафаев менен болгон беттеште 86-секундда нокаутка учураган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rysik79
2019-04-22 23:44:42
Буйрусун тапкан акчанар.
+1
ekaterinburg
2019-04-23 11:02:58
Рафаэль женилип калган жери"чатак"болду да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан