Украинанын борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда президенттик шайлоодогу бюлеттендердин 99,8 пайызы саналып бүттү.
Белгилүү болгондой, Володимир Зеленский 73,22 пайыз добуш алса, атаандашы Петро Порошенко 24,5 пайыз добуш топтогон. Бул маалыматтар улуттук экзит поллдун маалыматтары менен дал келгени жарыяланды.
Зеленский 88 пайыз добушту өзү туулган Днепропетровск облусунан алган. Киев облусундагы шайлоочулар ага 70 пайыз добуш беришкен. Ал эми Порошенко Львовск облусунан гана эң көп 64 пайыз добуш ала алган.
Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы 30-апрелде шайлоонун акыркы расмий жыйынтыгын жарыялайт.
21-апрелде Украинада президенттик шайлоонун 2-туру болуп өтүп, ага биринчи турдан эң көп добуш алган талапкерлер куудул Володимир Зеленский менен учурдагы президент Петро Порошенко катышты.