Кытайда аял балык жейм деп жатып кашык жутуп алган

Кытайда аялдын ашказанынан 13 сантиметрлик кашык алынды. Окуя Гуандун провинциясындагы Шэньчжэнь шаарында болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, аял тамактанып жатканда кекиртегине балыктын кылканы туруп калган. Кылканды кашык менен түртүп жиберем деп аш кашыкты жутуп алган. Бул окуядан 10 күн өткөндөн кийин ал ооруканага кайрылган. Кашыкты алып чыгуу үчүн дарыгерлерге 10 мүнөт убакыт керектелген.

Дарыгерлердин айтымында, аял өз убагында ооруканага кайрылган. Эгер дагы бир нече күндөн кийин келсе кан жоготуп, кыйынчылыктар менен коштолмок деп билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
artur999
2019-04-23 08:29:21
Молодец, лом жутуп албаптырда.
+5
Kubat77
2019-04-23 09:41:26
Мындай окшоштуруп жазсанар,кашык кылкан туруп калаттагы кашык батып кетет.аны 10 мунотто чыгарып алат.
-1
Shekeev969798
2019-04-23 12:17:07
Kubat77,ХХХХ
Кылкан сайылып туруп калат такалып балык жегенсинби?
+3
admin_portal
2019-04-23 13:49:43
Shekeev969798, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
+1
portugalia
2019-04-23 12:19:02
Kubat77,10күн өткөндөн кийин кайрылган деп жатпайбы.
0
Dembele84
2019-04-23 09:59:18
Кытайлыктар чындап эле лом жутуп алса деле тан калбай турган болуп калдык озу,ойго келбеген нерсенин баары ошол жактан чыгат.
0
elchi84
2019-04-23 12:35:12
Тушунбодум кытайлар кашык колдонбойт элего го.
0
monster_high_98
2019-04-23 15:05:44
elchi84,Эмне супту да палочка менен ичет дегени турасызбы?Колдонот
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан