22-апрелде Ош шаарында "Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү" аттуу форум өттү. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышты.
Социалдык түйүндөрдө мамлекет башчы сөз сүйлөп жаткан учурда аткаминерлердин уйкусурап отурган сүрөттөрү жарыяланды. Анда айрым социалдык түйүндүн колдонуучулары "Кайдагы өнүгүү, өсүү, жаңылануу, санариптештирүү, электрондоштуруу боюнча сөз болуп жатат? Алгач буларды ойготуп алалычы", - деп жазышууда.