Америкалык ырчы, бийчи, актриса, "Грэмми" сыйлыгынын ээси Бритни Спирстин дарылануу учурундагы сүрөттөрү социалдык тармакта кызуу талкуу жаратты. Буга чейин чет элдик басылмалар ырчы атасы ооругандан кийин психикалык жактан жабыркап, ооруканага жатканын маалымдаган.
Маалым болгондой, Пасха майрамына карата ырчы ооруканадан убактылуу чыгарылган. Жергиликтүү папараццичилер Пасха майрамынан кийин ырчыны Беверли-Хиллздеги мейманканадан сүйүктүүсү Сэм Асгари менен чыгып бара жатканда сүрөткө тартып калышкан. Сүрөттөр социалдык тармакка жарыяланып, коомчулуктун талкуусун жараткан. Сүрөттө 38 жаштагы Бритни Спирстин кебетеси 50-60 жаштагыдай көрүнөт. Ырчынын күйөрмандары анын тез картайып кеткенин, сулуулугун жоготконун айтып, таң калганын жашырган эмес.
Бритни Спирс дагы 2 ай психикалык ооруканада дарылана турганы айтылууда.