Өзбекстанда чет өлкөнүн жаранына турмушка чыккан кыздар атайын тизмеге киргизилет. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, тизме кыздар чет элдин жарандарына турмушка чыккандан кийин алар менен байланышып, жашоо-шартынан кабар алып туруу үчүн түзүлгөнү жатат.
"Айрым чет өлкөгө турмушка чыгуу үчүн кеткен кыздар зомбулукка кабылып жатышат. Көпчүлүк учурда Кытай жарандарына колукту болгон өзбек кыздары күйөөсүнөн кордук көргөнүн айтышат. Мисалга алсак, бир өзбек кызы кытайлыкка турмушка чыгып, күйөөсү аны 7 ай бою үйүнөн чыгарбай камап койгон окуя катталган. Кыздын айтымында, ага батыраак боюна бүтүшү үчүн инъекция сайышкан. Күйөөсү андан бала төрөп беришин же үйлөнүүгө кеткен чыгымдарын төлөп беришин талап кылган.
Азыркы учурда Наманган облусунда туулуп, чет элдикке турмушка чыккан кыздардын тизмеси түзүлдү. Жакынкы аралыкта реестрге башка аймактар да кошулат", - деп билдирген Өзбекстандын аялдар комитетинин өкүлү.