Чүй облусунун Жайыл районунда "14 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган" деп шектелген жаран кармалды. Чүй ОИИБи билдиргендей, кылмышка күнөөлүү аталган райондун 42 жаштагы тургуну болуп чыкты. Ал жаш кызды үйүндө күчкө салып зордуктоого аракет жасап, муну кошуналары байкап калышып милицияга кабарлашкан. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайда камакта, тергөө иштери жүрүп жатат.