Германиядагы клиникалардын биринде комада жаткан аял 27 жылдан кийин көзүн ачып, кыймыл жасаган. Окуя 1991-жылы Бириккен Араб Эмираттарында болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.
Маалыматка ылайык, мындан 28 жыл мурда Аль-Айн шаарына жакын жерде жол кырсыгы орун алып, анда окуучуларды ташыган автобус менен жеңил унаа сүзүшкөн. Жеңил унаада Мунира Абдулла, анын 4 жаштагы баласы жана күйөө баласы болгон. Мунира Абдулла кырсык учурунда баласын денеси менен тосуп, баш мээсинен оор жаракат алган. Ага жергиликтүү ооруканадан медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин Лондондогу ооруканага диагноз коюу үчүн алып келишкен. Анткени Мунира Абдулла ооруну сезгени менен эсине келбей, комага түшүп калган. Бейтапты кайрадан БАЭдеги ооруканага которушуп, физиотерапия жасап, түтүк аркылуу тамактандырып турушкан.
2017-жылы Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мохаммед бин Зайд аль-Нахайян бул окуяны уккандан кийин Мунира Абдулланын дарылануусун Германиядагы ооруканалардын биринде улантуусуна акча которгон. 2018-жылдын июнь айында Мунира Абдулла көзүн ачып, үн чыгара баштаган. Дагы 3 күндөн кийин ал баласынын атын айткан. Эсине келген бейтап бир нече күндөн кийин сөздөрдү даана, так айтып баштаган. Учурда Мунира Абдулла дарылануусун Абу-Дабиде улантып жатат.
"Мен үмүтүмдү үзгөн жокмун. Анткени апам эсине келерин сезгем. Мен бул окуяны адамдар эч убакта жакшылыктан үмүтүн үзбөсүн деген максатта айтып чыккам. Жакын адамыңар ушундай абалда болсо аны өлүп калды деп санабагыла. 27 жыл бою дарыгерлер мага апамды дарылоонун кереги жок экенин айтып келишкен. Бирок дарыгерлердин мындай сөздөрүнөн кийин өзүмдү апамдын ордуна коюп көрдүм. Апамдын эсине келиши үчүн бардык аракетимди жумшадым", - деген комага түшүп калган аялдын баласы Омар Вебер.