SUPER TV`нын "Жылдыздар кесибин алмаштырат" берүүсүнүн кезектеги каармандары - Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Салима Балтаева жана ырчы Джонни. Алар өздөрүнө берилген тапшырманын негизинде "Ош базарында" улуттук кийим-кече, сувенирлерди сатып иштешти. Келген кардарларына бата берип, андан соң өздөрүнө бата сурап иш алып барган ырчылардын кардарларынын арасында режиссёр Рысбек Жабиров да болду. Ал ырчыларды таарынтып албоо максатында экөөнөн тең соода кылып кетти.
Жөн гана сатуучулук милдетти аркалабастан колуна комуз алып, тамашалуу ырларды обон созо ырдаган Салима Балтаева менен Джонни берилген тапшырманы канчалык деңгээлде аткара алышканын төмөндөгү видеоматериалдан көрө аласыз.