Бала сатуу боюнча сотто жактоочу: "Сатылды делген 7 ымыркайдын тең апасы табыла элек. Анан биз кантип кызматкерлерди бала сатты деп айыптайбыз?"

Бала сатуу боюнча айыпталып жаткан медицина кызматкерлери боюнча соттук отурум Биринчи Май райондук сотунда уланууда.

Соттук отурумда күбө Назира аттуу аял айыпталып жаткандардын арасында жок экенин билдирди.

Ал суракта эч кандай баланы сатып албагандыгын, болгону мыйзам менен сатып алып жатам деп ойлогонун айтат.

"Мен УЗИге барганда боюмда болбой жатканымды айтып, ал жакта иштеген кызматкер менен сүйлөшүп калдым. Апасы таштап кеткен балдарды багып алгандар барбы деп Назира аттуу кызматкерден сурасам, мыйзамдуу түрдө багып алса боло турганын айтты. Андан соң телефон номеримди калтырып коюуну өтүндү. Бирок мага ал эч нерсеге кепилдик берген жок. Кийин гана байланышка чыгып, апасы баш тарткан бала бар экенин айтып, мыйзам жолу менен багып алса боло турганын айтты. Мен биринчи мыйзамдуу деген сөзгө көбүрөөк ишенип багып алууну туура көрдүм", - деди ымыркайды багып алган аял.

Соттук отурум иш убактысы бүтүп калгандыктан 15-майга жылдырылды.

Ал эми айыпталып жаткандардын жактоочуларынын бири жогорудагы айтып жаткан Назира аттуу аял азыркы айыпталып жаткандардын катарында жок экенин баса белгилейт.

"Ал кайсы аял, азыр каякта экенин эч ким билбейт. Ал аялдын кылган кылмышын бул жактагы айыпталып жаткандар тартып жатат десек болот. Сатылды деп жаткан 7 ымыркайдын тең ушул күнгө чейин апасы табыла элек. Анан биз кантип бул кызматкерлерди бала сатты деп айыптайбыз", - деди жактоочу.

Ошондой эле жактоочу сот иши аягына чыккандан кийин бул ишти тергеген тергөөчүлөргө кылмыш козгоо боюнча арыз менен кайрылам деп кошумчалады.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Милиция кызматкерлери тарабынан 2018-жылдын 7-сентябрында бала сатууга шектелип Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинекологдору кармалган.

Бала сатууга шектелип кармалгандар: №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 1 гинекологу, №18 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 2 гинекологу, дагы экөө Бишкектеги төрөт үйлөрдүн биринин кызматкерлери экени айтылган. Буга чейин бала сатууга шектелип кармалган медицина кызматкерлерине "адам сатуу", "жасалма документ жасоо", "мыйзамсыз аборт жасоо" беренелери менен кылмыш иштери козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан