19 жашка чейинки кыздардан куралган футбол боюнча улуттук курама команда Бириккен Араб Эмираттарын жеңип алды

Бүгүн, 24-апрелде Бангладештин Дакка шаарында "Bangamata U-19 Women’s International Gold Cup 2019" аталган эл аралык мелдеш старт алды. Мелдештин байгелүү орундары үчүн 6 өлкөдөн келген 19 жашка чейинки кыздардан түзүлгөн курама командалар 2 тайпага бөлүнүп, өз ара ат салышмакчы.

Бириккен Араб Эмираттары жана талаа ээлери болгон Бангладеш өлкөлөрү менен бир тайпага туш келген кыргыз курамасы алгачкы беттешин БАЭге каршы өткөрдү.

Айжан Боронбекова жана Кенжебүбү Ырысбек кызынын голдоруна 1 гана гол менен жооп бере алган БАЭ курамасы 2:1 эсебинде жеңилип, кыргыз футболчулары алгачкы 3 упайга ээ болушту.

Башкы машыктыруучу Наталия Гайворонскаянын шакирттеринин кийинки беттеши 26-апрелде талаа ээлерине каршы өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurbelek.
2019-04-25 00:33:58
Нейтралка жерде болсо смело түртөт кыргыздар дубайды.
+4
elchi84
2019-04-25 09:41:03
Араптар айласын таппай жаткан жери экен да анда,алга кыздар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан