Орусиянын Саратов шаарында дарыгерлер бейтапка туура эмес диагноз коюшуп, анын бир эмчегин алып салышкан. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, окуя мындан 2 жыл мурда менчик клиникалардын биринде болгон.
Анда 57 жаштагы Саратов шаарынын тургуну ден соолугуна байланыштуу менчик клиникалардын бирине барган. Ал дарыгерлерге медициналык кароодон өткөн кагаздарын көрсөтүп, ага диагноз коюлган. Тактап айтканда, бейтапка эмчектин рагы деген диагноз коюлуп, операция жасалган. Дарыгерлер бейтаптын оң эмчегин алып салган.
Кийинчерээк бейтапка туура эмес диагноз коюлганы айтылып, экспертиза түзүлгөн. Учурда дарыгерлердин катасы аныкталып, окуяга катышы бар делген дарыгерлерге кылмыш иши козголгон.