10 күн мурун жөө жүрүүчүнү унаасы менен сүзүп, качып кеткенге шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, 15-апрелде саат 22:50 чамасында Бишкек-Кордай унаа жолунун Ленин айылындагы тилкесинде айдоочу жергиликтүү тургунду унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1947-жылы туулган жаран алган жаракатынан ошол жерде жан берген.
24-апрелде оперативдүү издөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү адам кармалды. Ал Васильевка айылынын жашоочусу 1974-жылы туулган Ю.О. болгон. Анын Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаасы айып жайына жеткирилди. Факты боюнча материалдар сотко чейин тергөө иштерин жүргүзүү боюнча өндүрүшкө алынды.