Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов АФКнын аткаруу комитетине кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов Азия футбол конфедерациясынын аткаруу комитетинин өкүлү болуп кабыл алынды. Бул тууралуу футбол федерациясынын маалымат кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, кечээ, 24-апрелде Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) конгресси өтүп, ага Афганистан, Иран, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандан өкүлдөр катышкан. Конгресстин соңунда Канатбек Маматов Азия футбол конфедерациясынын аткаруу комитетинин өкүлү болуп кабыл алынды. Канатбек Маматов эми дүйнөлүк футбол уюмдарында 6 өлкөнүн атынан чыгып, ар бир команданын кызыкчылыгын коргойт.

Ал эми Футбол федерациясынын вице-президенти Дастан Конокбаев Борбор Азия футбол ассоциациясынын биринчи вице-президенти болуп тандалды.

Канатбек Маматов ушул жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын башына 4 жылдык мөөнөткө шайланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан